Жапониядагы вулкандык активдүүлүк бийликти кооптондурууда

Япониянын метеорологиялык агенттиги (JMA) өлкөнүн түштүк -батышындагы Кюсю аралындагы Асо жанар тоолорунда жарылуу болгонун жарыялады.

1722353
Жапониядагы вулкандык активдүүлүк бийликти кооптондурууда

Жапониядагы Асо жанар тоосунун атылышы менен 5 масштабдагы вулкан коркунучунун эскертүү деңгээли 3кө көтөрүлдү.

Жапониянын метеорологиялык агенттиги (JMA) өлкөнүн түштүк -батышындагы Кюсю аралындагы Асо жанар тоолорунда жарылуу болгонун жарыялады.

Накадаке кратеринде жергиликтүү убакыт боюнча саат 11: 43тө байкалган вулкандык активдүүлүк бийликти кооптондурууда. Кумамото провинциясында жайгашкан жана бийиктиги 1592 метр болгон Жапониядагы жана дүйнөдөгү эң чоң активдүү вулкан катары таанылган Асо жанар тоосунун атылышынан кийин 5 масштабдагы вулкан коркунучунун эскертүү деңгээли 3кө көтөрүлдү.

Жарылуудан кийин пайда болгон вулкан күлү тоонун түштүгүндөгү 8 чакырымдагы коомдук имаратка жеткени, ал эми лаванын кесектери жана ысык агымдар кратердин тегерегиндеги 1 километрлик жерге жайылгандыгы белгилүү болду.

Жергиликтүү бийлик элди тоого жакындабоого чакырып, бул аймакты унаа кыймылы үчүн убактылуу жапты.



Тектеш кабарлар