Орусияда Кыргызстан дагы катышкан Ооганстан тууралуу жыйналыш башталды

Орусиянын борбору Москва уюштурган Ооганстан маселеси боюнча «Москва форматындагы» жыйналыш башталды.

1722569
Орусияда Кыргызстан дагы катышкан Ооганстан тууралуу жыйналыш башталды

Орусия талибдерди Ооганстан аймагын Борбор Азия өлкөлөрүнө каршы колдонууга жол бербөөгө чакырды.

Орусиянын борбору Москва уюштурган Ооганстан маселеси боюнча «Москва форматындагы» жыйналыш башталды. Жыйынга Россия, Түркмөнстан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, ошондой эле Тажикстан, Пакистан, Кытай, Индия жана Ирандын өкүлдөрү катышууда.

Үчүнчү жолу өткөрүлгөн Москва форматындагы жыйында Ооганстанда талибдер тарабынан түзүлгөн убактылуу өкмөттүн вице -премьер -министринин милдетин аткаруучу Абдул Салам Ханафи жетектеген делегация да орун алды.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров ачылыш сөзүн сүйлөгөн жолугушуунун маанилүүлүгүнө токтолуп, бул формат Ооганстанды жана бардык коңшу жана регионалдык өлкөлөрдү бириктирерин айтты.

Ооганстандагы абалдын дагы эле туруктуу эмес экенине көңүл бурган Лавров, ДЕАШ жана Аль -Каида сыяктуу террордук уюмдар бул абалдан пайдаланууга аракет кылып жатышканын баса белгиледи.

Сөз болуп жаткан уюмдун мүчөлөрүнүн иммигранттардын атын жамынып коңшу өлкөлөргө өтүүгө аракет кылып жатканын белгилеген Лавров, бул үчүн Ооганстан жана анын чет элдик өнөктөштөрүнүн каршылык көрсөтүүсү керек экенин айтты.

Лавров: «Биз Талибанды кимдир бирөө үчүнчү өлкөлөрдүн кызыкчылыгына, өзгөчө Ооганстандын коңшуларына жана биздин өнөктөштөрүбүз болгон Борбор Азия өлкөлөрүнө каршы Ооганстан аймагын колдонууга жол бербөө аракетин карманууга чакырабыз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар