Орусия азырынча Талибанды расмий түрдө тааныбайт

Сергей Лавров, эртең өтө турган Ооганстан боюнча сүйлөшүүлөрдүн алдында билдирүү жасады.

1721900
Орусия азырынча Талибанды расмий түрдө тааныбайт

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Талибандын азырынча расмий түрдө таанылбай турганын билдирди.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров, борбор шаар Москвада эртең Талибандын делегациясы катыша турган Ооганстан боюнча сүйлөшүүлөрдүн алдында билдирүү жасады.

Лавров Орусиянын азырынча Талибанды расмий түрдө тааныбай турганын жана 15-августта Ооганстан бийлигине келгенде берген убадаларын аткарышын каалашкандарын белгилеп, бул убадалардын өзгөчө өкмөттүн структурасында саясий жана этникалык камтуучулукка байланышкандары тыкыр иликтенип жатканын айтты.



Тектеш кабарлар