Канаданын премьер-министри Трюдо first nation коомчулугунан кечирим сурады

Трюдо Камлупс шаарында каза болгон жергиликтүү балдарды эскерүү аземине катышты.

1721772
Канаданын премьер-министри Трюдо first nation коомчулугунан кечирим сурады

Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо Британ Колумбиясынын Камлупс шаарында каза болгон жергиликтүү балдарды эскерүү аземине катышты.

Аземде 29-майда 215 баланын сөөгүнүн калдыгы табылган интернат-мектебинен аман калган жергиликтүү тургундар башынан өткөн окуяларды айтып беришти.

Трюдо ошондой эле 30-сентябрда биринчи жолу белгиленген Улуттук Чындык жана Ынтымак күнүнүн аземине чакырууга жооп бербегени үчүн кечирим сурады. Трюдо ал күнү үй-бүлөсү менен эс алууга кеткенине өкүнгөнүн айтты.

Канадада жергиликтүү балдарга таандык биринчи массалык мүрзө май айында табылган.

Өлкөдө 1880-жылдардын башында ачылган чиркөө интернаттары 1997-жылы жабылган. Бул мектептерде балдарга зордук-зомбулук көрсөтүлгөндүгү айтылууда.



Тектеш кабарлар