Пальма аралында лаванын агымы токтой элек

Канар аралдарынын президенти Ангел Вктор Торрес билдирүүсүндө, Кумбре Виежа жанар тоосунун кыймылдуулугу жакын арада бүтпөй турганын билдирди.

1721323
Пальма аралында лаванын агымы токтой элек

19 -сентябрдан бери Испаниянын Ла-Пальма аралында атырылып жаткан Кумбре Виежа жанар тоолорундагы активдүүлүк уланаары болжолдонууда.

Канар аралдарынын президенти Ангел Вктор Торрес билдирүүсүндө, Кумбре Виежа жанар тоосунун кыймылдуулугу жакын арада бүтпөй турганын жана вулкандын атылышынын аяктоосу азырынча көзгө көрүнбөгөнүн айтты.

Акыркы 24 саатта Ла-Пальмада эң чоңу 4,3 болгон 42 жер титирөө катталды. Ла-Пальманы байланыштырган 38 каттамдын 28и токтотулду.

19 -сентябрдан бери аралда лаванын кесепетинен 754 гектар жер жана 1835 имарат талкаланган. Аралдан 7000ге жакын адам эвакуацияланды.


Этикеткалар: #Ла-Пальма аралында

Тектеш кабарлар