Франциянын Беларустагы элчиси өлкөдөн чыгарылды

Франциянын Беларустагы элчиси Николя де Лакосте Беларустун президенти Александр Лукашенкого ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырбагандан кийин эки өлкөнүн ортосунда дипломатиялык кризис башталган.

1721114
Франциянын Беларустагы элчиси өлкөдөн чыгарылды

Беларустун президенти Александр Лукашенкого ишеним грамотасын тапшырбаган Франциянын Беларустагы элчиси Николя де Лакосте депортацияланды.

Декабрда Франциянын Белоруссиядагы элчиси кызматына киришкенден кийин Николя де Лакосте ишеним көрсөткөн катты Беларустун тышкы иштер министри Владимир Макейге тапшырды.

Бирок Лакосте Беларустун президенти Александр Лукашенкого ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырбагандан кийин эки өлкөнүн ортосунда дипломатиялык кризис башталган.

Беларусь элчи Лакостеден өлкөдөн чыгып кетүүнү суранды.

Андан кийин Лакосте кечээ Беларустун борбору Минсктен чыгып, өз өлкөсүнө кайтып кетти.

Өлкөнү 27 жыл башкарган Лукашенко 2020 -жылдын 9-августунда Беларуста өткөн президенттик шайлоодо жеңип чыккан, ал эми өлкөдөгү оппозициянын талапкерлери шайлоо бурмаланган деп ырастап, өз тарапкерлерин көчөгө чакырышкан. Беларуста бир нече айга созулган нааразылык акцияларында миңдеген адамдар жарадар болушту, миңдеген адамдар кармалып, демонстранттардын айрымдары полиция менен кармашып жатып каза болушту.

Европа Биримдиги (ЕБ) Беларустагы шайлоодон кийин Лукашенконун өкмөтүн тааныбаганын жарыялады.

Беларустагы ички саясий чыңалуудан улам, Европа өлкөлөрү менен дипломатиялык тирешүү дагы эле уланууда.



Тектеш кабарлар