БУУ тараптар Сириянын жаңы конституциясын реформалоо процессин баштоону макулдашканын жарыялады

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Сирия боюнча атайын өкүлү Гейр Педерсен бүгүн баштала турган Сириянын Конституциялык комитетинин сүйлөшүүлөрүнүн 6-айлампасы тууралуу маалымат берди.

1721138
БУУ тараптар Сириянын жаңы конституциясын реформалоо процессин баштоону макулдашканын жарыялады

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Сирия боюнча атайын өкүлү Гейр Педерсен бүгүн баштала турган Сириянын Конституциялык комитетинин сүйлөшүүлөрүнүн 6-айлампасында, тараптар биринчи жолу Сириянын жаңы конституциясын реформалоо процессин баштоону макулдашканын жарыялады.

Асад режими, бейөкмөт уюмдар жана Сирия оппозициясынын өкүлдөрүнөн 15тен турган конституциянын «кичи тобунун» мүчөлөрү 8,5 айлык тыныгуудан кийин кайрадан Женевада (Швейцария) жолугушууда.

Атайын өкүл Педерсен БУУнун Женева кеңсесинде өткөргөн маалымат жыйынында, кечээ эртең менен Асад режими, оппозиция жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен өзүнчө жолукканын айтты.

Педерсен 2021-жылдын 25-29-январында өткөрүлгөн Сириянын Конституциялык комитетинин 5-айлампа сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыксыз болгонуна көңүл бурду.

«Мен эки теңтөрага азыр конституциялык реформаны даярдоо боюнча гана эмес, конституциянын долбоорун даярдоону баштоо боюнча бир пикирге келгендиги жөнүндө макулдашууга жетишкенибизди кубануу менен айта алам. Чынында эле, бул жумадагы жаңылык-бул биз Сирияда конституциялык реформа үчүн конституциянын долбоорун иштеп чыгуу процессин башташты»,-деди.



Тектеш кабарлар