Португалия 16 жашка чейинки балдарга бука күрөштөрүн көрүүгө тыюу салды

Балдарга бука күрөштөрүн көрсөтпөө тууралуу талкуулар Испания менен Францияда да уланууда.

1719957
Португалия 16 жашка чейинки балдарга бука күрөштөрүн көрүүгө тыюу салды

Португалияда солчул көз караштагы азчылыктын өкмөтү мыйзамдын жарлыгы менен 16 жашка чейинки балдарга аренада бука күрөштөрүн көрүүгө тыюу салды.

Sputnik агенттигинин кабарына караганда Өкмөттүн билдирүүсүндө, тыюу салуунун Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар Укуктары Комитетинин 2019-жылдагы "бука күрөшү сыяктуу көрүнүштөрдү көрүү жашын жогорулатуу өтүнүчү" чечимине байланыштуу экени айтылды.

Португалияда 2000-жылы Парламенттин макулдугу менен матадорго аренада букаларды өлтүрүүгө тыюу салынып, 2018-жылы болсо бука күрөштөрүн жоюу сунушу четке кагылган.

Балдарга бука күрөштөрүн көрсөтпөө тууралуу талкуулар Испания менен Францияда да уланууда.



Тектеш кабарлар