Кытай алгачкы Күндү байкоо спутнигин учурду

Спутниктин   3 жыл кызмат кылышы  пландалууда.

1720173
Кытай алгачкы Күндү байкоо спутнигин учурду

China Global Television Network (CTGN) кабарына караганда, байыркы Кытай мифологиясында Күн кудайы "Шихинин" аты  менен аталган спутник Шанси провинциясындагы Тайюэн спутник борборунан Long March 2D ракетасы менен учурулду.

Кочкул кызыл  H-Alfa спектрындагы нурларды байкоо үчүн жөнгө салынгандыктан техникалык жактан "Кытай H-Alpha Solar Explorer" деген ат менен аталган спутник, учурулгандан кийин жердеги орбитасына пландалгандай жайгашкандыгы билдирилди. 

Кытайдын алгачкы Күн телескобун ташыган 550 килограммдык спутник Жердеги орбитасында Күнгө караган туруктуу абалда кала тургандай кыймыл кылат. 

Спутниктин   3 жыл кызмат кылышы  пландалууда. 

 



Тектеш кабарлар