Грузияда Саакашвили үчүн митинг өттү

Саакашвили 2013 - жылы Грузияда президенттик мөөнөтү аяктагандан кийин өлкөдөн чыгып, АКШга андан кийин Украинага барган.

1720151
Грузияда Саакашвили үчүн митинг өттү

Грузиянын борбор шаары Тбилисиде 1 -  октябрда камакка алынган мурдагы президент Михаил Саакашвилинин  бошотулушу үчүн миңдеген киши катышкан митинг болду.

Рустави шаарындагы 12 – камакта 13 күндөн бери ачкачылыкты улантып жаткан Саакашвилинин бошотулушун талап кылган миңдеген киши Эркиндик аянтына чогулду. Саакашвили куруучусу болгон негизги оппозициясы партиясы Бириккен Улуттук кыймыл уюштурган митингге өлкөнүн түрдүү аймактарынан жарандар катышты.

Митингде сөз сүйлөгөн саясатчылар, өнөрпоздор менен журналисттер Саакашвилинин негизсиз айыптоолор менен соттолгондугун жакташты.

Сегиз жылдан кийин 1 -  октябрда өлкөсүнө кайткан Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвили сырттан камакка алуу жазаларынан улам  Рустави шаарындагы камакка алып барылган.

Грузия прокуратурасы  2007 -  жылы оппозициячылдардын митингин таркатуу, Имеди телкөрсөтүү каналынын куруучусу Бадри Патаркачишвилинин мал  -  мүлкүн конфискациялоо, коррупция жана кызматын кыянаттыкка колдонуу, бир депутатты токмоктотуу менен айыпталган Саакашвили туурлуу камоо чечимин чыгарган.

Тбилиси шаардык соту Саакашвилини киши өлтүрүү боюнча мунапыстыкты кыянаттык менен пайдалангандыгы жана депутат Валери Гелашвилини сабагандыгы үчүн 6 жылга эркинен ажыраткан.

Саакашвили 2013 - жылы Грузияда президенттик мөөнөтү аяктагандан кийин өлкөдөн чыгып, АКШга андан кийин Украинага барган.

2015 - жылдын 4 - декабрында Грузиянын жарандыгынан ажыратылган Саакашвили Украинанын жарандыгын алган.

 



Тектеш кабарлар