Норвегияда жаа менен кол салуу болду

Норвегиянын Конгсберг шаарында бир маркетке жакын жерде болгон жаа менен кол салууда 5 адам каза болуп, 2 адам жаракат алды.

1719318
Норвегияда жаа менен кол салуу болду

Норвегиянын Конгсберг шаарында бир маркетке жакын жерде болгон жаа менен кол салууда 5 адам каза болуп, 2 адам жаракат алды. 

Конгсберг полициясынын катчысы Оейвинд Аас, 5 адам каза болгон кол салууда жаракат алгандардын бирөөсүнүн кол салуу болгон "Coop"атуу маркеттеги жарандык полиция кызматкери экендигин айтты. 

Аас жаракат алган эки жарандын абалы жакшы экенин билдирди. 

Окуянын террордук кол салуу экендигине көңүлдөрдү бурган Аас: "Шектүүнү тергөө иши улантылууда.",- деди. 

Норвегиянын премьер  - министри Эрна Солберг да Норвегиянын коркунучтуу бир окуяны башынан өткөргөндүгүн айтып, каза болгондордун үй  -  бүлөлөрүнө көңүл айтып, жаракат алгандардын бат айыгып кетишин каалады. 

 



Тектеш кабарлар