Колумбиядан панамага барууну каалаган мигранттар

Бул жылы эки өлкөнүн чек арасын өтүп АКШга барган мыйзамсыз мигрант саны 19 000ден ашканы болжолдолууда.

1719421
Колумбиядан панамага барууну каалаган мигранттар

Колумбиядан Панамага дарыя аркылуу өтүүнү каалаган мигранттар болгон кайык оодарылып, 4 адам каза болду. Алардын ичинен бирөөсү ымыркай болгон.

Колумбиянын маалымат каражаттарында чыккан кабарга караганда өлкөнүн Антиокия административдик аймагындагы Некокли шаарынан дарыя аркылуу Панамага барууну каалаган мигранттар болгон кайык оодарылды.

Жетекчилер кырсыкта төрт адамдын анынын ичинен бир ымыркайдын каза болгондугун, издөө -  куткаруу иштеринин улантылып жаткандыгын билдиришти.

Көргөн күбөлөрдүн айтымында кайыкта ашыкча мигрант болгон.

Өлкөлөрүндөгү ички баш  - аламандыктар жана экономикалык жетишсизиктен улам АКШга барууну каалаган миңдеген мигрант Колумбия - Панама чек арасынын ачылышын талап кылууда.

Колумбия менен Панаманын ортосунда түзүлгөн миграция келишими боюнча күн сайын 500 киши кемелер менен панамага баруу үчүн билет сатып алууда.

Өлкөнүн Панама  чек арасына жакын жайгашкан жээктеги Некокли шаарында мигранттардын мыйзамсыз топтор көзөмөлдөгөн жана "Дариен Гап" деп аталган токой аянтын кесип өтүп, Панамага, андан кийин АКШга барууну каалашкандары билдирилди.

Бул жылы эки өлкөнүн чек арасын өтүп АКШга барган мыйзамсыз мигрант саны 19 000ден ашканы болжолдолууда.



Тектеш кабарлар