ЮНЕСКО Палестина үчүн эки чечим чыгарды

Палестинанын тышкы иштер министрлиги ЮНЕСКОнун Палесина үчүн эки чечим чыгаргандыгын жарыялады.

1719766
ЮНЕСКО Палестина үчүн эки чечим чыгарды

Министрликтен берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда «оккупациядагы Палестина" менен «маданият жана билим берүү мекемелери» тууралуу эки чечим уюмдун Франциянын борбору Парижде Аткаруу Кеңешинин 212 - сессиясында мүчөлөр тарабынан бир добуштан кабыл алынды.

Бул эки чечимдин Чыгыш Кудстун оккупациядагы шаар статусун тастыктаганы белгиленген билдирүүдө : "Баскынчы Израилдин ыйык шаарда көргөн чараларынын жараксыздыгы жана дароо жокко чыгарылышы керек" экенине көңүл бурулду.

Билдирүүдө ЮНЕСКОнун Израилден Чыгыш Кудста  уланып жаткан мыйзамсыз туннель долбоорлорун жана саясаттарын токтотууну талап кылганы, Эски Шаардын маданий түзүлүшү жана палестиналыктардын ибадат кылуу укугунун корголушу керектиги белгиленген.

ЮНЕСКОнун Аткаруу Кеңешинин 212 - сессиясында кабыл алынган чечимдерди кубаттоо менен Палестина бийлиги эл аралык коомчулукту үч көкө диндин борбору болгон Кудстун талкаланышына жол бербөөгө чакырды.



Тектеш кабарлар