ДССУ: «Быйыл эң төмөнкү өлүм көрсөткүчтөрү байкалды»

Гебреисус Ковид-19 пандемиясына байланыштуу акыркы кырдаалга баа берди.

1719249
ДССУ: «Быйыл эң төмөнкү өлүм көрсөткүчтөрү байкалды»

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) дүйнөдө коронавирустан (Ковид-19) каза болгондордун азайышы уланып жатканын жана ушул жылдын эң төмөнкү өлүм көрсөткүчтөрү байкалганын жарыялады.

ДССУнун башкы директору доктор Тедрос Аданом Гебреисус уюмдун Женевадагы штабында өткөрүлгөн онлайн пресс-конференцияда Ковид-19 пандемиясына байланыштуу акыркы кырдаалга баа берди.

Көптөгөн өлкөлөрдүн ушул жылдын аягына чейин калкынын 40 пайызын Ковид-19га каршы эмдөө максатына жетпей калуу коркунучу астында экенин белгилеген Гебреисус: «Вакцина рыногунан четтетилген жана көпчүлүгү Африкада жайгашкан 56 өлкө, сентябрдын аягына чейин калкынын 10 пайызын эмдөө планын аткара алган жок»,-деди.

Гебреисус Түндүк Кореяда, Эритреяда жана Брундиде болсо азырынча эмдөө иштери баштала электигин маалымдады.

Эмдөө максатына жете албаган өлкөлөрдүн басымдуу көпчүлүгүндө вакцинанын жетишсиздиги бар экенин баса белгилеген Гебреисус: «Глобалдык вакциналарды көзөмөлдөгөн өлкөлөрдү жана компанияларды дагы бир жолу COVAX жана AVAT программаларына вакциналарды жөнөтүүнү биринчи орунга коюуга чакырабыз»,-деп айтты.

Гебреисус, дүйнөдө Ковид-19дан каза болгондорго байланыштуу акыркы кырдаалды болсо "Жумалык Ковид-19 өлүмдөрүндөгү төмөндөө уланууда жана ушул жылдын эң төмөнкү көрсөткүчтөрүндө»,-деди.

Дүйнөдө жума сайын Ковид-19 курмандыктарынын 50 миңдин тегерегинде көбөйүп жатышы кабыл алынгыс экенин баса белгилеген Гебреисус: «Европадан тышкары аймактарда да адам өлүмү азайып жатат. Кээ бир өлкөлөрдө жаңы толкундар жана адам өлүмүнүн көбөйүшү байкалууда»,- деп билдирди.



Тектеш кабарлар