Меркель Ооганстанга жардам берүүгө чакырды

Ангела Меркель Чоң жыйырманын Ооганстан боюнча кезексиз лидерлер саммитинен кийин маалымат жыйын өткөрдү.

1718705
Меркель Ооганстанга жардам берүүгө чакырды

Германиянын канцлери Ангела Меркель эл аралык жардамдын негизинде Ооганстандагы экономикалык кыйроонун алдын алуу керектигин айтты.

Ангела Меркель Чоң жыйырманын Ооганстан боюнча кезексиз лидерлер саммитинен кийин өткөргөн маалымат жыйында: «Электр энергиясы да, каржы системасы да жок болгону үчүн Ооганстанда 40 миллион адамдын башаламандыкка кабылганын көрүү эл аралык коомчулуктун максаты боло албайт жана болбошу керек», - деди.

Ооганстанда каржы системасынын кыйрашы эч кимге пайда алып келбей турганына көңүл бурган Меркель: «Анда гуманитардык жардам да көрсөтүлбөй калат»,-деп айтты.

Канцлер Меркель Ооганстандагы финансылык системанын кыйрашына жол бербөө үчүн Эл аралык Валюта Фонду менен Дүйнөлүк Банктын алдында чоң милдеттер турганын баса белгиледи.

Германиянын канцлери терроризм менен күрөшүүнүн маанилүүлүгүнө да көңүл бурду жана Ооганстан тышкы дүйнөгө коркунуч туудурбашы керектигин билдирди.



Тектеш кабарлар