Гонконгдо тайфундун айынан мектептер жабылды

Тайфундан улам билим берүүнүн токтотулушу менен бирге бир топ коомдук тейлөө жана биржа иштери да токтотулду

1718903
Гонконгдо тайфундун айынан мектептер жабылды

Кытайдын Гонконг административдик аймагынын түштүк бөлүктөрүн каптаган "Компасу" тайфунунан улам өлкөдөгү мектептер жабылды.

Тайфундан улам билим берүүнүн токтотулушу менен бирге бир топ коомдук тейлөө жана биржа иштери да токтотулду.

Гонконг обсерваториясы тайфун менен коштолгон нөшөрлүү жамгырдын аймактын ойдуң жерлерин капташы мүмкүн экени боюнча  эскертти.

Жетекчилер түштөн кийин тайфундун күчүнүн азаярын жана Түштүк Кытай деңизинин түндүк бөлүгүнөн өтүп, Вьетнамга барышы күтүлүп жатканын билдиришти.

 



Тектеш кабарлар