Гонконгдо "Компасу" тайфуну

Тайфунда 1 адам каза болду.

1719071
Гонконгдо "Компасу" тайфуну

Кытайдын Гонконг административдик аймагынын түштүк бөлүктөрүн каптаган "Компасу" тайфунунан улам 1 адам каза болду.

Гонконгдун түштүгүндө "Компасу" тайфуну абдан катуу болду. Катуу жамгыр жаашы жана шамал себеп болгон тайфунда 1 адам каза болуп, 16 адам жаракат алды. 

Тайфундан улам мектептер менен маркеттер да жабылды. 

Гонконг парламенти да  жумалык отурумун 20 -  октябрга кечеңдетип, автобус жана паром каттамдарын азайтты. Катуу шамалдын таасири менен көчөлөрдө сел жүрүп, дарактар кулады. Гонконг байкоо үйү адамдардын каза болушуна себеп болгон тайфундун таасиринин азайгандыгын билдирип, аймактын тургундарын катуу шамал жана селге каршы эскертти. 



Тектеш кабарлар