G20дан кийин Ак үй билдирүү жасады

Жо Байдендин G20 лидерлери менен Ооганстанды талкуулоо үчүн онлайн жыйын өткөргөнү кабарланды.

1718669
G20дан кийин Ак үй билдирүү жасады

Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) Ак үй Чоң жыйырмалыктын лидерлеринин Ооганстан боюнча онлайн жыйыны тууралуу АКШнын өлкөдөгү кырдаалды жөнгө салуу жана ооган элин колдоо үчүн эл аралык коомчулук менен иштешүүгө чечкиндүү экенин баса белгиледи.

Ак үйдүн басма сөз кызматынын жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө АКШнын президенти Жо Байдендин G20 лидерлери менен Ооганстанды талкуулоо үчүн онлайн жыйын өткөргөнү кабарланды.

Жыйынга Чоң жыйырма өлкөлөрүнүн лидерлери, ошондой эле конок өлкөлөрдүн жана эл аралык финансы мекемелеринин да катышканы белгиленген билдирүүдө, лидерлердин ДЕАШ менен катар террордук уюмдарга каршы күрөшүүгө көңүл буруунун жана Ооганстандан кетүүнү каалаган адамдардын коопсуз өтүүсүн камсыздоонун маанилүүлүгүн баса белгилегендери айтылды.

Билдирүүдө Чоң жыйырмалыктын лидерлеринин көз карандысыз эл аралык уюмдар аркылуу ооган элине түз гуманитардык жардам жеткирүүгө жана бардык оогандар үчүн негизги адам укуктарынын корголушуна карата убадаларын кайталагандары белгиленди.



Тектеш кабарлар