БУУ Сирияга жардам жөнөттү

103 фура Түркиянын Хатай роблусунун Рейханлы районундагы «Жилвегөзү» чек ара бекетинен өттү.

1719011
БУУ Сирияга жардам жөнөттү

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) тарабынан Сириянын Идлиб шаарына жана айылдарына 103 фурадан турган гуманитардык жардам жөнөтүлдү.

Хатайдын Рейханлы районундагы БУУнун кампасында түрк фураларынан Сириянын фураларына өткөрүлгөн жардам материалдары «Жилвегөзү» чек ара бекетине келди.

Бул жердеги процедуралардан кийин Сирияга кеткен конвойдогу гуманитардык жардамдардын Идлибдеги жана анын айылындарындагы жарандарга таратыла турганы маалымдалды.


Этикеткалар: #Хатайдын Рейханлы

Тектеш кабарлар