АКШ "Түркияга багытталган кол салууну" айыптады

АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Нед Прайс күнүмдүк пресс-брифингинде жикчил террордук уюм ЙПГ/ПККнын Түркияга каршы кол салууларына сереп салды.

1718713
АКШ "Түркияга багытталган кол салууну" айыптады

Америка Кошмо Штаттары (АКШ) Сирияда каза болгон эки түрк полициясынын үй-бүлөсүнө көңүл айтты жана кол салууну айыптады.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Нед Прайс күнүмдүк пресс-брифингинде жикчил террордук уюм ЙПГ/ПККнын Түркияга каршы кол салууларына сереп салды.

ЙПГ/ПККнын атын атабастан: «Биз НАТОдогу өнөктөшүбүз Түркияга жасалган кол салууларды айыптайбыз. Сирияда каза болгон эки түрк полициясынын жакындарына да көңүл айтабыз»,- деди.

АКШлык катчы: «Бардык тараптардын ок атпоону сактоосу, Сириядагы стабилдүүлүктүн бекемделиши жана саясий чечим үчүн аракет кылынышы маанилүү», - деп сереп салды.

«Түркия биздин маанилүү НАТО союздашыбыз жана терроризмге каршы күрөштөн тарта Сириядагы жаңжалды токтотууга чейинки көптөгөн тармактарда жалпы кызыкчылыктарыбыз бар. Биз Сирия саясаты боюнча Анкара менен тыгыз кеңешүүнү уланта беребиз»,- деди.



Тектеш кабарлар