Жамму Кашмирде кагылышуу болду

Индиянын Жамму Кешмир аймагында коопсуздук күчтөрү менен кагылышууга кирген 5 козголоңчу каза болду.

1718474
Жамму Кашмирде кагылышуу болду

Индиянын Жамму Кешмир аймагында коопсуздук күчтөрү менен кагылышууга кирген 5 козголоңчу каза болду.

Кечээ Индиянын 5 аскери өлтүрүлгөн кол салуудан кийин Жамму Кешмир аймагында бүгүн эрте менен операция жүргүзгөн коопсуздук күчтөрү менен козголоңчулардын ортосунда эки жерде кагылышуу чыкты.

Полиция берген маалыматка караганда, биринчи кагылышуу Шопиан аймагында курчоого алынган козголоңчулар "багынып берүү чакырыгын четке каккандан" кийин башталган.

Кагылышууда 3 козголоңчунун каза болгондугу билдирилди.

Аймактын тургундарынын айтымына караганда Индиянын коопсуздук күчтөрү операция учурунда бир үйдү жарылуучу заттар менен жардырды.

Шопиан аймагына караштуу Феерипора айылындабашка операцияда чыккан кагылышууда да 2 козголоңчунун каза болгондугу маалымдалды.



Тектеш кабарлар