Сирия - Ирак чек арасында кол салуу болду

Дейрузор облусуна караштуу Ел Букемал районунун чыгышында Иран колдогон топторго таандык аскердик пункт бутага алынды.

1718311
Сирия  -  Ирак чек арасында кол салуу болду

Сириянын Ирак чек арасына жакын Ел Букемал районунда Башар Асад режиминин катарында орун алган Иран колдогон террордук топторго таандык 3 аскердик пунктка жасалган абадан кол салууда каза болгондор менен жаракат алгандардын болгондугу билдирилди.

Дейрузор облусуна караштуу Ел Букемал районунун чыгышында Иран колдогон топторго таандык аскердик пункт бутага алынды.

Кайсы өлкөгө таандык экендиги азырынча белгисиз болгон учкучсуз куралдуу аба аппараттары менен жасалган кол салууларда 7 жарылуу үнү угулду.

Абадан кол салуулардан жарым саат мурда ПКК/ЙПГ жикчил террордук уюмдун оккупациясында болгон Хасеке облусуна караштуу Шеддади аймагындагы газ аянтына ракеталык кол салуунун жасалышы көңүлдөрдү бурду. Кол салууда 3 унаа өрттөндү.

Асад режиминин катарында орун алган Иран Төңкөрүш Гвардиясынын Ел Букемал районундагы базасына 14 -июнда жана 3 унаага болсо 15 -сентябрда кайсы өлкөгө таандык экендиги белгисиз согуштук учактар менен абадан кол салуу болгон. Эки кол салууда 3 адам каза болуп, 4 адам жаракат алган.



Тектеш кабарлар