Филиппинде сел жана жер көчкү

Филиппинде Компасу тропикалык бороонунун кесепетинен болгон сел жана жер көчкүдө 9 адам каза болду.

1718465
Филиппинде сел жана жер көчкү

Филиппинде Компасу тропикалык бороонунун кесепетинен болгон сел жана жер көчкүдө 9 адам каза болду.

Кырсыктардын коркунучун азайтуу жана башкаруу боюнча улуттук кеңештин билдирүүсүнө караганда, тропикалык бороон 11 кишинин жоголушуна, 15 аймакта суу ташкынынын жана 4 аймакта жер көчкүнүн жүрүшүнө себеп болду.

Нөшөрлөгөн жамгыр, катуу шамал жана суу ташкындары болгон шаарлар менен айылдардан 1600дөн ашуун адам эвакуацияланды.

Суу ташкыны жана жер көчкүдө калгандарды издөө жана куткаруу иштери уланууда.



Тектеш кабарлар