Боррель: «Ооганстандагы абал кыйроо алдында турат»

Европа Биримдигинин Өнүгүү министрлери, Ооганстан боюнча расмий эмес жыйын өткөрүштү.

1718201
Боррель: «Ооганстандагы абал кыйроо алдында турат»

Европа Биримдигинин (ЕБ) тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррель Ооганстандагы социалдык-экономикалык абалдын "кыйроо алдында" экенин айтып, чукул чараларды көрүү керектигин айтты.

Европа Биримдигинин Өнүгүү министрлери, Борреллдин катышуусунда видеоконференция аркылуу Ооганстан боюнча расмий эмес жыйын өткөрүштү.

Боррель жыйында: «Ооганстандагы гуманитардык жана социалдык-экономикалык абал кыйроо алдында турат. Норвегиянын Качкындар Кеңешинин маалыматына караганда, тийиштүү жардамды албаса кеминде 1 миллион бала сууктан жана ачарчылыктан жабыркашы мүмкүн. Күтүп тура албайбыз, тез арада чара көрүшүбүз керек», деп айтты.

Министрлердин Европа Биримдигинин ооган элине болгон колдоосун арттыруунун конкреттүү жолдорун талкуулагандарын айткан Боррель: «Бул Кеңеш кабыл алган беш критерий жараксыз болуп калды дегенди билдирбейт. Тескерисинче алар жарактуу бойдон калууда жана ырааттуу өнүгүү кызматташтыгын улантуу үчүн толугу менен аткарылышы керек»,-деп кошумчалады.



Тектеш кабарлар