АКШ Грецияга 15 даана Ф  - 15 аскердик учак жиберди

Греция армиясынан берилген маалыматта бул учактардын «машыгуудан дагы көп убакытка» өлкөдө болгондугу билдирилди.

1718278
АКШ Грецияга 15 даана Ф  - 15 аскердик учак жиберди

АКШнын аба күчтөрү өлкөнүн түрдүү базаларында жайгаштырылган Ф- 15 E Strike Eagle учактарынын АКШ – Европа - Африка аба күчтөрү командирлигинин жол башчылыгында өткөрүлө турган Castle Forge машыгуусуна катышуу үчүн Грециянын Ларисса аба базасына жиберилгендигин билдирди.

Маалыматта Castle Forge машыгуусунун АКШнын Кара деңиз аймагындагы жамааттык коргонуу стратегиясы үчүн иштелип чыккандыгы, НАТО союздаштары менен өз ара аракеттенүүнү жогорулата тургандай түрдө долбоорлонгондугу жана биргелешкен күчтөрдүн кризис учурларында ийкемдүү жооп берүү жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүү үчүн долбоорлонгондугу белгиленди. 

Греция армиясынан берилген маалыматта бул учактардын «машыгуудан дагы көп убакытка» өлкөдө болгондугу билдирилди.

Грециянын башкы штабынын билдирүүсүндө Американын Ф- 15учактарынын «Өнүккөн коргонуу жана агрессивдүү авиация тактикалары, биргелешкен терминалдык чабуулду текшерүү менен абадан колдоо көрсөтүү, аба согушу, коргоо, кургактыкта жана деңиздеги буталарга, деңиз флотуна карата чабуулга колдоо темаларында» грек армиясы менен машыгуу өткөрөрү белгиленди.



Тектеш кабарлар