Жапонияда электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашы поезд линияларына таасирин тийгизди

Чыгыш Жапон темир жолуна таандык (JR East) Токионун жанындагы Сайтама районунун Вараби шаарындагы негизги подстанциясында өрт чыкты.

1717722
Жапонияда электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашы поезд линияларына таасирин тийгизди

Жапонияда электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашы борбор шаар Токиодо поезд линияларын колдонгон 230 миңден ашуун жүргүнчүгө таасирин тийгизди.

Чыгыш Жапон темир жолуна таандык (JR East) Токионун жанындагы Сайтама районунун Вараби шаарындагы негизги подстанциясында өрт чыкты.

Өрттөн кийин окуя болгон жерге жергиликтүү өрт өчүрүү кызматы жөнөтүлгөн. Жергиликтүү коопсуздук күчтөрүнүн маалыматы боюнча, 3,5 сааттан кийин көзөмөлгө алынган өрттөн эч ким жабыркаган эмес.

Негизги трансформатор жайгашкан бөлмө зыянга учураган өрттүн себеби боюнча иликтөө башталды.

Киодо агенттигинин маалыматы боюнча, өрттүн кесепетинен электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашы Токио мегаполисиндеги поезд линияларынын убактылуу токтоп калышына себеп болгон.

Үзгүлтүккө учуроодон кийин JR Чыгыш, Кейхин-Тохоку жана Жобан багыттарын камтыган линиялар жабылганда болжол менен 236,000 жүргүнчү таасирленген.



Тектеш кабарлар