Ливандагы электр энергиясынын кризисине чечим табуу

Энергетика министри Валид Файяд, жазуу түрүндөгү билдирүүсүн жарыялады.

1717456
Ливандагы электр энергиясынын кризисине чечим табуу

Кечээ Ливандагы күйүүчү май кризисинен улам кыйраган электр тармагы армиянын запастарынан алынган 6 миллион литр күйүүчү май менен кайрадан күнүнө 2-3 саат энергия кызматын көрсөтө алат.

Энергетика министри Валид Файяд, жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, өлкөнүн түндүгүндөгү Дейр Аммар жана түштүктөгү Захрани электр станциялары армиянын запастарынан алынган 6 миллион литр күйүүчү майдын колдонулушу менен кайра өндүрүштү баштаганын айтты.

Электр станцияларында күйүүчү майдын керектелишинен мурунку өндүрүштүк кубаттуулукка кайра ээ болгонун айткан Файяд, Ливандын Куралдуу күчтөрүнүн запастарынан алган күйүүчү майдын 3 күндүк муктаждыктарын канааттандыраарына көңүл бурду.

Дейр Аммар жана Захрани электр станцияларынын 3 күндөн кийин токтой турганын белгилеген Файяд, төмөнкү сөздөрдү колдонду: "Эки электростанция тең өчүрүлгөндөн кийин, Бейруттагы Эз-Зук жана Аль-Цийе электр станциялары ишке берилет. Бул эки электростанция үчүн өлкөгө кечээ кечинде келген отун шайкештикти текшерүү аяктагандан кийин колдонулат. Ошентип, электр тармагындагы тең салмактуулукту сактоо үчүн 500 мегаватт өндүрүш кубаттуулугун сактоону уланта берет".

Министр Файяд, Борбордук банк 8 -октябрда Электр энергиясы башкармалыгы тарабынан колдонула турган күйүүчү майдын импорту үчүн 100 миллион доллар бөлүүнү жактырганын билдирип, октябрдын аягына чейин электр энергиясын өндүрүү потенциалын жогорулатууну максат кылышканын белгиледи.



Тектеш кабарлар