Актёр Уильям Шатнердин космостук саякаты жылдырылды
90 жаштагы америкалык актёр Уильям Шатнер космоско чыккан эң кары адам болот.
Атактуу америкалык актёр Уильям Шатнердин New Shepard космос кемеси менен ишке ашыра турган космостук саякаты аба ырайына байланыштуу 13-октябрга жылдырылды.
Blue Origin аэрокосмостук изилдөө компаниясынын билдирүүсүндө, 12-октябрда аба ырайынын шамалдуу болору күтүлгөнү, андыктан New Shepardды учуруу күнү 13-октябрга жылдырылгандыгы айтылды.
90 жаштагы америкалык актёр Уильям Шатнер космоско чыккан эң кары адам болот.
Amazon технологиялык компаниясынын негиздөөчүсү Жефф Безос да 20-июлда өзүнүн Blue Origin фирмасы тарабынан иштелип чыккан космос кемеси менен 106 километр бийиктикке чыгып космостук саякатты ишке ашырган болчу.
Тектеш кабарлар
Кытайда болгон сел жана жер көчкүдө 4 адам каза болуп, 10 адам дайынсыз жоголду
Кытайда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам сел жана жер көчкү болуп, 4 адам каза болду.