АКШлык жетекчилер Катарда талиптердин өкүлдөрү менен бетме-бет жолугушту

Америкалык жетекчилер менен талибдердин ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жылуу чөйрөдө өткөнү кабарланды.

1717732
АКШлык жетекчилер Катарда талиптердин өкүлдөрү менен бетме-бет жолугушту

Америкалык кээ бир жетекчилердин 9-10-октябрда Катардын борбору Дохада талиптердин өкүлдөрү менен сүйлөшүү жүргүзүп, Ооганстандагы акыркы кырдаалды талкуулашканы билдирилди.

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Нед Прайс жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, америкалык жетекчилер менен талибдердин ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жылуу чөйрөдө өткөнүн кабарлады.

Талибан өлкөнү көзөмөлгө алгандан кийин АКШнын расмий өкүлдөрү биринчи жолу талибдер менен жолугушса, АКШнын ар кандай мекемелеринин өкүлдөрү 9-10-октябрда Дохада өткөн жолугушууларга катышты.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Ооганстандан кетүүнү каалаган америкалыктардын жана башка өлкөлөрдүн жарандарынын коопсуз чыгуусун камсыздоо маселеси артыкчылыктуу болду. Ошондой эле өлкөдөгү адам укуктары маселелери, анын ичинде аялдардын жетиштүү түрдө өкүлдүк кылынышы темасы талкууланды жана АКШнын ооган элине түздөн-түз жардам берери баса белгиленди.

Сүйлөшүү учурунда АКШ тарап жол картасын талибдердин сөзүнө эмес, аракетине карап аныктай турганын билдирди.

2021-жылдын 15-августунда талиптер борбор шаар Кабулду курчоого алып, башкарууну тынчтык жолу менен басып алышкан. Президент Ашраф Гани да ошол эле күнү кечинде өлкөдөн чыгып кеткен болчу.



Тектеш кабарлар