Талибандын расмий өкүлдөрүнүн АКШ менен болгон сүйлөшүүлөрү

Талибандын расмий өкүлү Муттаки Аль -Жазира телеканалына Катардын борбору Дохада АКШ менен Талибандын расмий өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрүнө байланыштуу билдирүү жасады.

1717406
Талибандын расмий өкүлдөрүнүн АКШ менен болгон сүйлөшүүлөрү

Ооганстандагы талибдердин убактылуу өкмөтүнүн тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Эмирхан Муттаки Америка Кошмо Штаттары (АКШ) менен болгон жолугушууларда эки тараптуу мамилелердин жаңы баракчасын ачуу маселеси талкууланды деп билдирди.

Талибандын расмий өкүлү Муттаки Аль -Жазира телеканалына Катардын борбору Дохада АКШ менен Талибандын расмий өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрүнө байланыштуу билдирүү жасады.

Муттаки АКШ менен мамиледе "жаңы барак ачуу" маселесин талкуулашканын жана гуманитардык жардамды биринчи орунга койгонун белгиледи.

АКШ Ооганстандын Борбордук банкынын резервине койгон тоскоолдукту алып салууну талап кылышканын билдирген Муттаки, АКШ Ооганстан элине жаңы типтеги коронавирустун (Ковид-19) вакцинасын берерин жарыялады.

Муттаки ошондой эле талиптердин өкүлдөрү Европа Биримдигинин өкүлдөрү менен да жолугушаарын маалымдады.



Тектеш кабарлар