Орусиянын Татарстан Республикасында парашютчуларды ташыган учак кулап түштү

Учактын кулашынын натыйжасында, алгачкы аныктоолор боюнча 16 адам каза болуп, 7 адам жаракат алган.

1717326
Орусиянын Татарстан Республикасында парашютчуларды ташыган учак кулап түштү

Орусиянын Татарстан Республикасында парашютчуларды ташыган L-410 үлгүсүндөгү учактын кулашынан 16 адам каза болду.

Орус маалымат каражаттары Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлерине таянып жазышкандай, негизинен парашютчулар болгон 23 кишини ташыган учак Татарстандын Минзеле шаарына жакын жайгашкан аэропорттон көтөрүлгөндөн көп өтпөй кулап түшкөн.

Учактын кулашынын натыйжасында, алгачкы аныктоолор боюнча 16 адам каза болуп, 7 адам жаракат алган.

Окуя болгон жерге издөө -куткаруу топтору жөнөтүлгөн.

Учактын авиациялык клубга таандык экени айтылган.



Тектеш кабарлар