Грецияда расизмге жана фашизмге каршы демонстрация өттү

Акцияда акыркы убакта күн тартибинде болгон Алтын Таң сыяктуу ашынган улутчул жана расисттик түзүлүштөргө каршы ураандар чакырылды.

1717305
Грецияда расизмге жана фашизмге каршы демонстрация өттү

Грециянын борбору Афинада расизмге жана фашизмге каршы демонстрация өттү.

Профсоюздардын, өкмөттүк эмес уюмдардын, студенттик уюмдардын, солчул топтордун жана иммигранттардын чакырыгы менен уюштурулган акцияда, акыркы убакта ашкере оңчул улутчулдардын арткан активдүүлүгү жана Грециянын иммиграция саясатына каршы чыгышты.

Акцияда акыркы убакта күн тартибинде болгон Алтын Таң сыяктуу ашынган улутчул жана расисттик түзүлүштөргө каршы ураандар чакырылды.

Омоня аянтында орнотулган аянтчада кичи концерт менен башталган акция парламент имаратына карай жөө жүрүш менен уланды.

Жөө жүрүшкө байланыштуу жолдун жабылышына жол бербөөгө аракет кылган полиция демонстранттарга көздөн жаш агызуучу газ чачып кийлигишти.

Грециянын сот бийлиги ашынган улутчул "Алтын таң" партиясын кылмыштуу уюм деп былтыр чечим чыгарган.

29-сентябрда беткап кийген топ Салоникиде фашизмге каршы акция өткөрүүнү каалаган студенттерге кол салышкан жана окуяда эки студент жеңил жаракат алган.



Тектеш кабарлар