Иракта "атайын добуш берүү" башталды

Болжол менен 40 миллион калктуу өлкөдө 24 миллиондон ашык шайлоочу бар.

1716741
Иракта "атайын добуш берүү"  башталды

Иракта коопсуздук күчтөрү, баш калкалоочулар жана туткундардын «атайын добуш берүү күнүндө» эрте шайлоодо добуш бериши үчүн үкөктөр орнотулду.

Борбор шаар Багдаттын бир топ аймагындагы шайлоо борборлору каалгаларын добуш берүүнү каалаган аскер жана полициялар, ички баш калкалоочулар менен туткундарга ачты.

Шайлоо борборлорунун алдында ыктымалдуу террордук кол салууларды алдына алуу үчүн коопсуздук чаралары көрүлдү. Аскердик унаалар да зым тосмолор менен курчалган шайлоо борборлорунун алдына жайгаштырылды.

Шайлоо борборуна добуш берүү үчүн баргандарга чөнтөк телефондорун киргизүүгө тыюу салынат.

Болжол менен 40 миллион калктуу өлкөдө 24 миллиондон ашык шайлоочу бар. Ирактын калган шайлоочулары жекшембиде добуш беришет.



Тектеш кабарлар