Япония менен Россия эки тараптуу тынчтык келишими тууралуу сүйлөшүүлөрдү улантат

Япониянын премьер- министри Кишида Фумио В. Путин менен алгачкы жолу телефон аркылуу сүйлөштү.

1716792
Япония менен Россия эки тараптуу тынчтык келишими тууралуу сүйлөшүүлөрдү улантат

Япония Россия менен тынчтык келишими үчүн сүйлөшүүлөрдү улантуу тууралуу келишкендерин жарыялады.

Кызматын баштагандан кийин Россиянын президенти В. Путин менен алгачкы жолу телефон аркылуу сүйлөшүп, массалык маалымат каражаттарына билдирүү берген Япониянын премьер- министри Кишида Фумио эки тараптуу жана аймактык абалдарды карап чыгышкандарын айтты.

Путин менен Экинчи дүйнөлүк согушунан кийин эки өлкөнүн ортосундагы тынчтык келишими тууралуу сүйлөшүүлөрдүн улантылышына карата макулдашкандарын белгилеген Кишида Хоккайдонун түндүк-чыгышындагы Курил аймагында Россиянын көзөмөлүндөгү төрт аралдын статусун чечүүгө аракет кыларын белгиледи.

Япония менен Россиянын ортосундагы карым -катнаштарды өз ара өнүктүрүүнү каалаганын айткан Кишида, Путиндин көптөгөн тармактарда диалогду улантууга даяр экенин айтканын билдирди.

Экинчи дүйнөлүк согуштун аягында Советтер Союзу Япониянын Тынч океаны менен Охотск деңизин бири биринен бөлгөн жана 1300 километрдей созулган Курил аралдарын 1945 -жылы аннексиялаган.

Аннексиядан кийин, тараптар Япониянын "Түндүк аймактар" деп аталган жер тилкеси боюнча пикир келишпестиктен улам, Россия менен Япониянын ортосунда тынчтык келишимине кол коюу боюнча сүйлөшүүлөрдө бир жыйынтыкка келе алышпай жатат.



Тектеш кабарлар