Афганистанда мечитке кол салуу болду

Кол салууда 100дөн ашуун адамдын каза болгондугу билдирилди.

1716909
Афганистанда мечитке кол салуу болду

Афганистандын Кундуз провинциясында  Cайед Абад аймагында шииттерге таандык бир мечитке карата  бомбалуу кол салууда 100дөн ашуун адамдын каза болгондугу жарыяланды. 

Талибандын катчысы Забихуллах Мүжахид кол салуунун жума намазы учурунда болгондугун айтты. 

Кол салууда каза болгондор менен жаракат алгандардын бар экендигин айткан Мүжахид Талибан күчтөрүнүн аймакка баргандыгын жана кол салуу тууралуу иликтөө башталгандыгын белгиледи. Оорукана жетекчилери каза болгондордун саны 100дөн ашуун экендигин жарыялады. Кол салууну моюнга алган болгон жок. 

Афганистанда шиттерге карата кол салуулардын көпчүлүгүн ДЕАШ террордук уюм моюнга алган. 

 

 

 

 



Тектеш кабарлар