Пакистанда жер титирөө болду
Жер титирөөдө 20 адам анын ичинде 6 бала каза болуп, 300дөн ашуун адам жаракат алган
Пакистандын Белужистан аймагында 5, 9 баллдык жер титирөө болуп, алгачкы маалыматтарга караганда 20 адам каза болду алардын ичинен алтоосунун балдар экендиги билдирилди. 300дөн ашуун адам да жаракат алды.
Пакистан улуттук сеймикалык байкоо борбору эпицентри Харнаи аймагынын жакындары болгон жер титирөөнүн жердин 10 килдометр астында болгондугун билдирди.
Пакистан улуттук сеймикалык байкоо борбору жер титирөөнүн жергиликтүү убакыт боюнча саат 03:20да болгондугун, Кетта, Сыбби, Пишин жана Чаманда сезилгендигин билдирди.
Жергиликтүү маалымат каражаттарынын билдирүүсүнө караганда, жер титирөөдө 20 адам анын ичинде 6 бала каза болуп, 300дөн ашуун адам жаракат алган жана көптөгөн үйлөр жабыркап, кээ бир аймактарда жер көчкү болгон.
Тектеш кабарлар
Илхам Алиев Москвада Путин менен жолугушат
Эки лидер актуалдуу аймактык маселелер боюнча пикир алмашат.