Тунисте аскердик тик учар кырсыкка кабылды

Кырсыкта 3 аскер каза тапты.

1715409
Тунисте аскердик тик учар кырсыкка кабылды

Тунистин Габес аймагында аскердик тик учардын кырсыкка кабылышы менен 3 аскер каза тапты. 

Тунис коргоо министрлигинин катчысы Мохамед Зекри өлкөнүн түштүк  - чыгышындагы Габес аймагында бир аскердик тик учардын кырсыкка кабылгандыгын билдирди. Кырсыкта 3 аскердин каза болгондугун маалымдаган Зекри : "Кырсыктын себебин белгилөө үчүн кырсык болгон жерге аскердик техникалык топту жибердик",- деди. 

Катчы Зекри кырсыктын түнкү сааттарда аскердик машыгуу учурунда болгондугун айтты. 

 



Тектеш кабарлар