ЦРУнун чет өлкөлөрдөгү ондогон информаторлору кармалган

Американын Нью-Йорк Таймс гезити өткөн аптада контрчалгындоо кызматкерлеринин ЦРУнун чет өлкөлөрдөгү станцияларына жөнөткөн маалымат нотасына жетти.

1715361
ЦРУнун чет өлкөлөрдөгү ондогон информаторлору кармалган

Акыркы жылдары Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Борбордук чалгындоо башкармалыгынын (ЦРУ) Россия, Кытай, Иран жана Пакистан баш болгон чет өлкөлөрдө ондогон информаторлору кармалганы, өлтүрүлгөнү же эки тараптуу иштетилгени ачыкка чыкты.

Американын Нью-Йорк Таймс гезити өткөн аптада контрчалгындоо кызматкерлеринин ЦРУнун чет өлкөлөрдөгү станцияларына жөнөткөн маалымат нотасына жетти.

Бул тема тууралуу гезитте орун алган кабарда, акыркы бир нече жыл ичинде өлтүрүлгөн, камакка алынган же мүмкүн эки тараптуу иштетилген ондогон чет өлкөлүк информаторлорду аныкташканы маалыматтык нотада айтылган.

Эскертмеде Россия, Кытай, Иран жана Пакистан сыяктуу өлкөлөр ЦРУнун информаторлорун издеп тапканын, алардын айрымдарын эки тараптуу иштеткенин, ал эми агенттик жалдоодо информаторлорго таянып, чет элдик чалгындоо кызматтарын баалабагандыгы жана жумушка кабыл алууда шашылгандыгы айтылган.

Көптөгөн информаторлордун илинүүсү чет элдик чалгындоолордун биометрикалык өлчөөлөр менен катар көптөгөн инновациялык технологияларды колдонгонун билдирген маалымат нотасы региондогу ЦРУнун агенттерине кабарлоо үчүн жөнөтүлгөн деп ырасталган.



Тектеш кабарлар