Жапонияда жаңы кабинет кызматын баштады
Жапониянын 100 -премьер-министри Кишида Фумио борбор шаар Токиодо маалымат жыйын өткөрдү.
Жапониянын 100 -премьер-министри Кишида Фумио экономиканын "деңгээлин көтөрөбүз" деп убада берди.
Кишида Фумио, борбор шаар Токиодо өткөн маалымат жыйынында, коронавирустун жаңы түрүнө (Ковид-19) каршы күрөшүү анын кабинетинде артыкчылыктуу багыттардын бири болорун айтты жана эпидемиянын таасири астындагы экономиканын "деңгээлин көтөрүүгө" убада берди. Жаңы премьер ошондой эле мүмкүн болушунча тез арада экономикалык пакетти сунуштоону каалаарын билдирди.
Фумио Кытайдын регионалдык ишмердүүлүгүнө да токтолуп, мындай абалдын алдында Америка Кошмо Штаттары (АКШ) менен биригип "Эркин жана ачык Индо-Тынч океан" көз карашын ишке ашыра турганын билдирди.
Жапониянын премьер –министри: «Жапония абалдын күч менен бир жактуу өзгөртүлүшүнө каршы болот ”, - деди.
Кишида Түндүк Корея тарабынан кармалган жапон жарандарынын көйгөйүн "күн тартибинин башкы маселеси" деп атады.
"Биз (жапон жарандарын) кайтарып алуу үчүн бардык аракеттерди көрөбүз. Мен (Түндүк Кореянын лидери) Ким Чен Ын менен эч кандай шарт койбостон жолугушууга даярмын",-деди ал.
Жапониянын императору Нарухито тарабынан Императорлук сарайында кабыл алынган Кишида кабинети расмий түрдө өз милдетин баштады.
Тектеш кабарлар
Газада менингит жана гепатит жайыла баштады
Бул тууралуу Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинен жазуу түрүндөгү маалымат берилди.