Нотис Митаракис Европа Биримдигинин Түркияга карата убадаларын аткаруусун суранды

Нотис Митаракис «Die Welt» гезитине берген маегинде Европа Биримдиги менен Түркиянын ортосунда миграция келишимин жаңыртуу боюнча өткөрүлгөн сүйлөшүүлөр тууралуу маалымат берди.

1714606
Нотис Митаракис  Европа Биримдигинин Түркияга карата убадаларын аткаруусун суранды

Грециянын миграция жана баш паанек боюнча министри Нотис Митаракис Европа Биримдигинен Түркияга виза эркиндиги жана бажы биримдигин жаңыртуу боюнча берген убадаларын аткарууну суранды.

Нотис Митаракис «Die Welt» гезитине берген маегинде Европа Биримдиги менен Түркиянын ортосунда миграция келишимин жаңыртуу боюнча өткөрүлгөн сүйлөшүүлөр тууралуу маалымат берди.

Афганистандагы кризистин качкындар келишимин кайрадан күн тартибине алып келгендигине жана Түркия менен Европа Биримдигинин келишимдин жаңыланышы тууралуу сүйлөшүүсү боюнча берилген суроолорго жооп берген Митаракис : «Биргелешкен келишимге эки тарап тең баш ийиши керек. Европа Биримдигинин Түркияга карата виза эркиндигине жана соодага байланыштуу убадалары бар»,- деди.

Афганистанда адамзаттык кризиске тоскоол болуу үчүн эл аралык уюмдар менен жакындан иштешүү керектигин айткан Митаракис коңшу өлкөлөргө да жардам берилишин суранды.

 

 



Тектеш кабарлар