ДССУ Түштүк Суданда кычкылтек өндүрүүчү жай курду
Бул заводдун күнүнө 2 миң 500 литр кычкылтек өндүрө турганы айтылды.
1715167
Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюму (ДССУ) Африка континентинде коронавируска (Ковид-19) каршы күрөштүн алкагында Түштүк Суданга кычкылтек өндүрүүчү жай курду.
ДССУнун Твиттердеги билдирүүсүндө, Африканын көптөгөн өлкөлөрүндө кычкылтек менен камсыздоодо көйгөйлөр бар экени эске салынды.
Билдирүүдө Ковид-19га каршы күрөшүү үчүн өкмөттүн жана Африка Өнүктүрүү банкынын колдоосу менен Түштүк Суданга кычкылтек өндүрүүчү жай курулганы, бул заводдун күнүнө 2 миң 500 литр кычкылтек өндүрө турганы айтылды.