Кабулда мечиттин кире беришинде бомба жардырылды

Талибандын басма сөз катчысы жана Маданият министринин орун басары Забихулла Мүжахид, Кабулдун Чемен Хузури аймагындагы Эйдгах мечитинин кире беришинде бомбалуу кол салуу болгонун айтты.

1713939
Кабулда мечиттин кире беришинде бомба жардырылды

Ооганстандын борбору Кабулдагы Эйдгах мечитинин кире беришинде бомбалуу кол салуу болуп 2 адам каза таап, 4 адам жаракат алды.

Талибандын басма сөз катчысы жана Маданият министринин орун басары Забихулла Мүжахид, Кабулдун Чемен Хузури аймагындагы Эйдгах мечитинин кире беришинде бомбалуу кол салуу болгонун айтты.

Талибдердин убактылуу өкмөтүнүн Ички иштер министрлигинин өкүлү Саид Хости да алгачкы маалыматтарга караганда, кол салууда 2 адам каза болуп, 4 киши жаракат алганын белгиледи.

Күбөлөрдүн айтымында, кол салуу бир нече күн мурун ошол эле мечитте каза болгон Мүжахиддин апасынын хатими учурунда болгон.

Азырынча кол салуу үчүн эч ким жоопкерчилик ала элек.

Өлкөнүн чыгышындагы Нангархар провинциясынын борбору Жалалабад шаарында кечээ кечинде куралдуу кол салуудан 2 талиб мүчөсү жана 2 жай тургун каза болду.



Тектеш кабарлар