Кытай: «AUKUS келишими өзөктүк куралдын жайылышын күчөтүшү мүмкүн»

Кытайдын тышкы иштер министри Ван И Малайзиянын жана Брунейдин тышкы иштер министрлери менен болгон телефон сүйлөшүүсүндө AUKUS келишими боюнча баа берди.

1712584
Кытай: «AUKUS келишими өзөктүк куралдын жайылышын күчөтүшү мүмкүн»

Кытай, Америка Кошмо Штаттары (АКШ), Британия жана Австралиянын ортосунда кол коюлган «AUKUS атайын коопсуздук келишими» аймакта өзөктүк куралдын жайылышын күчөтүшү мүмкүн экенин эскертти.

Кытайдын тышкы иштер министри Ван И Малайзиянын жана Брунейдин тышкы иштер министрлери менен болгон телефон сүйлөшүүсүндө AUKUS келишими боюнча баа берди.

Ванг AUKUSтун аймактагы өзөктүк куралданууну башташы мүмкүн экенин баса белгилеп, бул аймакта жарыша куралданууну күчөтүшү мүмкүн экенин белгиледи.

Кытайдын, Түштүк -Чыгыш Азия мамлекеттеринин Ассоциациясынын (АСЕАН) жана башка регионалдык өлкөлөрдүн биргелешкен аракеттери менен дүйнөнүн эң динамикалуу жана эң ылдам өсүүчү бөлүгүнө айланганына көңүл бурган Ванг, ядролук куралдануунун жана жалпы жарыша куралдануунун регионалдык жыргалчылык жана стабилдүүлүккө да зыянын тийгизерин айтты.

Мындан тышкары, Ванг AUKUSтун аймактагы «кансыз согуш» менталитетинин кайра жандануусуна алып келиши мүмкүн деп баалады.

Аймакта Кытайдын региондогу күчтүүлүгүнө каршы чара көргөн Австралия, АКШ жана Улуу Британия «AUKUS» деп аталган коопсуздук боюнча кызматташуу келишимине кол коюшту (16 -сентябрда). AUKUS келишимине ылайык, Австралиянын Аделаида шаарында кеминде 8 атомдук суу астында жүрүүчү кеме курулары жарыяланган.



Тектеш кабарлар