Иран Samsung жана LGден үй буюмдары импортуна тыюу салды
Ирандын лидери Али Хаманей президент Ибрахим Реисиге жазган катта импорттун «жергиликтүү өндүрүүчүнүн белин сындырганды жана буга жол бербөө керек» деген көрсөтмө берди.
Ирандын президенти Ибрахим Реиси өлкөнүн лидери Али Хаманейдин көрсөтмөсү менен Түштүк Корея фирмалары Samsung жана LGден жасалган уй буюмдары импортуна тыюу салды.
Ирандын лидери Али Хаманей президент Ибрахим Реисиге жазган катта импорттун «жергиликтүү өндүрүүчүнүн белин сындырганды жана буга жол бербөө керек» деген көрсөтмө берди.
Реиси да тийиштүү министрликтерге түштүк кореялык эки фирмадан жасалган үй буюмдары импортуна ыюу салынгандыгын камтыган чечимди билдирди.
Ирандын президенти 10 - сентябрда берген маалыматында АКШ санкцияларды ишке киргизген 2018 - жылы өлкөдөн инвестицияларын алган жана Иранга эскпортту токтоткон түштүк кореялык фирмалардын продукцияларына эми муктаждыктын жок экендигин жана бул өлкөдөн «текшерүүсүз импортко» уруксат бере алышпай тургандарын билдирген.
Түштүк Кореянын электрондук буюмдарды өндүрүүчү фирмалары Samsung жана LG көп жылдар бою Ирандын үй буюмдары жана уюлдук телефон базарында үстөмдүк кылып келген.
Тектеш кабарлар
НАТО өлкөлөрү Украинага абадан коргонуу системалары тууралуу жардам берет
НАТО - Украина кеңеши коргоо министрлеринин деңгээлинде онлайн жыйын өткөрдү.