Европада экономикалык көрүнүшүндөгү белгисиздик

Кристин Лагард Евроаймактын  экономикалык көрүнүшүнүн белгисиздиктер менен толгондугун айтты.

1712712
Европада экономикалык көрүнүшүндөгү белгисиздик

Европа Борбордук Банкынын төрайымы Кристин Лагард Евроаймактын  экономикалык көрүнүшүнүн белгисиздиктер менен толгондугун айтты.

Кристин Лагард видеоконференция аркылуу өткөрүлгөн 2021 Европа Борбордук Банктын форумунда сөз сүйлөдү.

Евроаймактын  экономикасынын ылдам түрдө калыбына келе баштагандыгын белгилеген Лагард жылдын акырына чейин коронавирус эпидемиясынан мурдагы деңгээлге жетерин айтты.

Өсүүгө жолтоо болгон «белгисиздиктердин» азыр да бар экендигин баса белгилеген Лагард бир канча айдан бери тартыштыктар менен үзгүлтүктөрдүн болуп жаткандыгын эске салды.

Лагард бул тартыштык жана үзгүлтүктөрдүн көптөгөн Евроаймакка мүчө өлкөнүн экспортун акырындаткандыгын белгиледи.

Евроаймактын энергетика импорттогонун эске салган Лагард энергетика бааларындагы өсүүнүн жаратылыш газ, электр жана нефтиге байланыштуу экендигин айтты.



Тектеш кабарлар