Эфиопия БУУнун 7 жогорку кызмат адамын депортациялады

7 кишинин өлкөдөн чыгып кетүүсү үчүн 72 сааты бар экени белгиленди.

1712957
Эфиопия БУУнун 7 жогорку кызмат адамын депортациялады

Эфиопия Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) 7 жогорку кызмат адамын өлкөдөн чыгарды.

Эфиопиянын Тышкы иштер министрлиги бүгүнкү билдирүүсүндө, БУУнун 7 жогорку кызмат адамын өлкөнүн ички иштерине кийлигишкени үчүн депортациялаганын билдирди.

Билдирүүдө Бириккен Улуттар Уюмунун Балдарга жардам фонду (ЮНИСЕФ) жана БУУнун Гуманитардык Координация Бюросунун (UNOCHA) адамдарын да камтыган 7 кишинин өлкөдөн чыгып кетүүсү үчүн 72 сааты бар экени белгиленди.



Тектеш кабарлар