Ашраф Гани ооган элинен кечирим сурады

Гани, жакында "кетишине себеп болгон окуяларды" ачыктай турганын айтты.

1705169
Ашраф Гани ооган элинен кечирим сурады

Талибандын Ооганстанды ээлеп алышынан кийин өлкөдөн чыгып кетип Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ) баш калкалаган Ооганстандын мурунку президенти Ашраф Гани өз элинен кечирим сурады.

Ашраф Гани Твиттердеги билдирүүсүндө: «Кабулдан кетүү менин жашоомдогу эң оор чечим болду» деп айтып, катуу капа болуп жатканын билдирди.

Гани ооган элинен кечирим сурап, 1990-жылдардагы жарандык согуш учурунда шаар башынан өткөн согуштук чөйрөнүн кайра кайталанбашы үчүн өлкөдөн чыгып кеткенин айтты.

Гани өз элин таштап кетүү ниети болбогонун, бирок өлкөдөн кетүүдөн башка аргасы жок экенин белгиледи.

15-августта өлкөдөн чыгып кеткени үчүн ооган саясатчыларынын катуу сынына кабылган 72 жаштагы Гани, жакында "кетишине себеп болгон окуяларды" ачыктай турганын айтты.

Америка Кошмо Штаттары (АКШ) менен Талибандын ортосунда 2020-жылдын февралында жетишилген тынчтык келишиминин алкагында быйыл эл аралык күчтөрдүн Ооганстандан чыгуу процесси башталган.

Келишимде чет элдик күчтөргө кол салбоо көздөлгөнү менен, талибдердин ооган коопсуздук күчтөрүнө каршы аракеттери каралган эмес.

Ооган өкмөтү менен Дохадагы сүйлөшүүлөрдү улантып жаткан талибдер бир эле учурда июнь айынан бери катуу кол салуулар менен Афганистандын көптөгөн райондоруна жана провинцияларынын борборлоруна үстөмдүк кылышты.

Баш калаа Кабулду курчап алган Талибан 15-августта президент Ашраф Гани өлкөдөн чыгып кеткенден кийин шаарды кагылышуусуз көзөмөлгө алды.



Тектеш кабарлар