Пашинян : "Түрия менен кургактык жана поезд жолу транспортун сүйлөшүүгө даярбыз"

Пашинян бул сүйлөшүүлөр менен аймактык байланыштардын бардык багыттарда түзүлө аларын айтты.

1704711
Пашинян : "Түрия менен кургактык жана поезд жолу транспортун сүйлөшүүгө даярбыз"

Армениянын премьер  - министри Никол Пашинян Түркия менен карым  - катнаштарды калыбына келтирүүгө, кургактык жана поезд жолу транспортун кайрадан турмушка ашырууну кеңешүүгө даяр экендерин айтты. Пашинян борбор шаар Ереванда күн тартиби боюнча өкмөт жыйынында баа берди.

Президент Р. Т. Эрдогандын Армения менен карым  - катнаштарды калыбына келтирүүгө карата билдирүүлөрдү бергендигин белгилеген Пашинян : «Бул маалыматтарда Түркия менен Армениянын ортосундагы карым  - катнаштарды калыбына келтирүү ыктымалын көрүп жатабыз. Түркия менен карым  - катнаштарды калыбына келтирүүнү, кургактык жана поезд жолу транспортун кайрадан турмушка ашырууну кеңешүүгө даярбыз. Мындай сүйлөшүүгө даярбыз жана муну дагы да кеңейте алабыз»,- деди.

Пашинян бул сүйлөшүүлөр менен аймактык байланыштардын бардык багыттарда түзүлө аларын айтып : «Россия бул тууралуу жардамчы болууну билдирди. Европа Биримдиги өзгөчө Франция менен АКШ да бул процесс менен алектенүүдө. Индия менен Кытайдын да аймактагы транспортту кайрадан турмушка ашырууга карата мамилеси белгилүү»,- деди.

Пашинян аймакта түндүктөн түштүккө карай транспорт коридору пландарын Иран жана Грузия менен өткөрүлгөн сүйлөшүүлөрдө атайын орунга ээ экендигин сөздөрүнө кошту.



Тектеш кабарлар