Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министри Зиничев каза болду

Евгений Зиничевдин кызмат учурунда каза болгондугу билдирилди.

1704682
Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министри Зиничев каза болду

Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министри Евгений Зиничевдин машыгуу учурунда каза болгондугу кабарланды.

Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдирүүсүндө: «Зиничев кызмат учурунда Норильск шаарында Арктика аймагын өзгөчө кырдаалдардан коргоого багытталган мекемелердин ортосундагы машыгуу учурунда, бир адамдын өмүрүн сактап калууга аракет кылып жатып каза болду» деп кабарланды.

1966-жылы 18-августта туулган Зиничев Орусиянын коопсуздук органдарында ар кандай кызматтарда иштеген.

Евгений Зиничев 2018-жылдан бери Өзгөчө кырдаалдар министри катары кызмат кылып келе жаткан болчу.



Тектеш кабарлар