Ооганстанда Талибан «убактылуу өкмөт» түзүлгөнүн  жарыялады

«Талибандын» басма сөз катчысы Забихуллах Мүжахид «убактылуу өкмөттүн» курамында боло турган ысымдарды борбор шаар Кабулдагы маалымат жыйынында жарыялады.

1704204
Ооганстанда Талибан «убактылуу өкмөт» түзүлгөнүн  жарыялады

Ооганстанда талибдер кечээ өлкөнү толук көзөмөлгө алганын жарыялагандан кийин, Молла Мохаммед Хасан башында турган «убактылуу өкмөт» түзүлгөнүн  жарыялашты.

«Талибандын» басма сөз катчысы Забихуллах Мүжахид «убактылуу өкмөттүн» курамында боло турган ысымдарды борбор шаар Кабулдагы маалымат жыйынында жарыялады.

Мүжахид, «премьер-министр милдетин аткаруучу» болуп Молла Хасан дайындалганын жана анын жардамчылары болуп Молла Абдулгани Барадар менен Абдусселам Ханафи дайындалганын айтты.

Талибан өкмөтүнүн көрүнүктүү ишмерлери:

Ички иштер министрлигинин милдетин аткаруучу - Сиражеддин Хакани.

Тышкы иштер министрлигинин милдетин аткаруучу - Эмирхан Муттаки.

Коргоо министрлигинин милдетин аткаруучу - Мохаммед Якуб Мүжахид.

Кечээ талибдер Панжшир провинциясында Улуттук каршылык көрсөтүү фронтунун лидери Ахмед Месуддун күчтөрү менен болгон кагылышуулар бүткөнүн жана алар аймакты толук көзөмөлгө алышканын жарыялашты.



Тектеш кабарлар